• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспорттордо уурулук менен алектенген чөнтөкчү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Коомдук транспорттордо чөнтөк уурулук менен алектенген мурда "Тырыш" каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан чөнтөк уурулук кылган адамдарды издөө жана кармоо, топтолгон жарандардын арасынан кылмышкерлерди табуу боюнча иштер байма-бай жүргүзүлүп турат. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында айрым адамдардын жүргүнчү ташыган транспорттордо чөнтөк уурулук кылып жүрүшкөндүгү, анын ичинде бир нече жолу соттолгон “Тырыш” каймана аты менен белгилүү болгон жаран да тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат болгон.

Жакында коомдук транспортто уурулукту мыкты өздөштүрүп алган чөнтөкчүнүн иши видеого тартылып калган. Видеокөзөмөл камерасында белгисиз эркек киши автобуска кирген кызга жакындап келип, пальтосунун ачык чөнтөгүнөн уюлдук телефонду тымызын уурдап кеткенин көрүүгө болот. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 2024-жылдын 31-январында кечинде №42-автобуста пальтосунун чөнтөгүнөн баасы 140 миң сомдон ашкан "iPhone 15 Pro Max" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Анын негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “уурдоо” менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чаралары ИИМдин 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Андан аркы иштердин жүрүшүндө ИИМдин КИББдин 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары “Тырыш” каймана аты менен белгилүү болгон 1990-жылы туулган Ю.Р. кармалып, УКЖга киргизилди. Ал өзү Жалал-Абадда туулган, учурда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жашайт. Мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жети жолу соттолгон. Мындан тышкары, ал буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча РИИБге жеткирилген.

Учурда дагы тергөө иштери жүрүп жатат.

Жык-жыйма толгон маршруткаларда, автобустарда кылмышкерлер уурулук жасоо үчүн ыңгайлуу аралыкка жакындай алышат. Бири жабырлануучуну алаксытса, экинчиси чөнтөгүн же сумкасын тазалайт. Ошондуктан, жарандар айланасындагыларга көңүл буруп, кийимдин ички чөнтөктөрүндө акча жана документтерди алып жүрүшү керек, сумкасы дайыма жабылып турушу керек.

Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар же ал жөнүндө кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 0 709 990 160 номуруна байланышууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий