• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө кол салган бир нече жолу соттолгон адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.17. /Кабар/. Милиция кызматкерлери коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө кол салган бир нече жолу соттолгон адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ИИБне шаар тургуну арыз менен кайрылып, уурулук фактысы боюнча айтып, белгисиз жаранга карата чара колдонууну суранган.

“Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында болжол менен таңкы саат 07:30 чамасында белгисиз бирөөлөр анын сумкасынан жеке буюмдарын жана уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Аталган факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголду. Атайын жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, шектүү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айыл аймагында кармалган.

Шектүү Ош облусунун тургуну учурда Аламүдүн районунда жашап жаткан 1986-жылкы Б.А., аттуу жаран болуп чыккан.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий