• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоонун негизги багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоонун негизги багыттары жана приоритеттери боюнча пикир алмашып, эки өлкөнүн саясий диалогун мындан ары чыңдоонун, бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Практикалык кызматташуунун контекстинде тараптар чек ара аймактарда кызматташууну тереңдетүүнү жана регионалдуу интеграцияны бекемдөө үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий