• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ: "Акнет" ЖЧКсы боюнча иштин кийинки иликтөөсүн ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. "Акнет" ЖЧКсы боюнча иштин кийинки иликтөөсүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, 27-март күнү Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн "Акнет" ЖЧКсына карата КРнын Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү ("Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу"), 232-беренеси 2-бөлүмү ("Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу"), 253-беренесинин 2-бөлүмү ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") жана 337-беренеси ("Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу") менен козголгон кылмыш иштерин токтотуу чечимин жокко чыгарган.

"2019-жылдын 28-март күнү жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери кийинки иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда, жогорудагы кылмыш ишин калыс иликтөө максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Иликтөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий