• 87.86
  • 93.94
  • 1

“Айыл Банк” ишкерлер үчүн “Береке” мобилдик тиркемесин ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 23.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. “Айыл Банк” ишкерлер үчүн “Береке” мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

Жаңы тиркеменин бет ачар аземи бүгүн, 23-майда Бишкектеги соода борборлорунун биринде өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, "Айыл Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрасы Тилек Алимжанов, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

"Айыл Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрасы Тилек Алимжановдун айтымында, "Береке" тиркемеси чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн салык органдарына жана банктарга баруудагы убакытын алда канча үнөмдөйт.

"Жеке ишкерлер тиркеменин көмөгү менен биздин банктан каалаган учурда эсеп ачууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле патентти онлайн каттап, аны аралыктан тапшырса болот. QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алса же эсепке заматта чегерсе болот. Тиркеме аркылуу жарандар салык карызынын бар же жогун да көрө алат”, - деди ал.

Кыргызстанда 1-июлдан тартып патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Айыл Банк” менен “РСК Банк” мамлекеттик банктарына ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырма берилгенин билдирди.

“Жылдык товар айлантуусу 15 млн сомго жетпеген соодагерлерди салыктан бошотуу чечимин кабыл алганбыз. Ал эми 15 млн сомдон 30 млн сомго чейин 0,5% салык алынат, 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин 1% салык кармалат. Биз ишкерлердин тез аранын ичинде эле онлайн кызматтарды алуусу үчүн “Айыл Банк” , “РСК” жана башка банктардан атайын платформаларды, тиркемелерди иштеп чыгууну суранып жатабыз. Бул жаңы тиркемеге ККМди, салык жана бухгалтердик эсептерди да ичине камтып коюшуңар керек. Анткени накталай эмес төлөмдөрдү телефон же карточкалар аркылуу төлөө ыңгайлуу”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, “Береке” мобилдик тиркемеси чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын колдоосу менен иштелип чыкты. Тиркеме учурда AppStore жана Google Play'де жеткиликтүү.

Жаңы тиркеменин бет ачар аземинде бардык катышуучулар үчүн интерактивдик конкурстар уюштурулуп, кызыктыруучу баалуу белектер ойнотулду.

Пикир

Оставить комментарий