• 87.86
  • 93.94
  • 1

Быйыл Кыргызстанда 149 бүтүрүүчү "артыкчылык менен" аттестатын алат

Билим 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-2024-окуу жылында "Алтын тамга" мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен 149 бүтүрүүчү орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатына ээ болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аймактар боюнча алганда:

  • Бишкек шаарынан – 68 окуучу,
  • Чүй облусунан – 20 окуучу,
  • Ош облусунан – 17 окуучу,
  • Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,
  • Баткен облусунан – 9 окуучу,
  • Талас облусунан – 8 окуучу,
  • Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,
  • Нарын облусунан – 6 окуучу,
  • Ош шаарынан – 6 окуучу.

Белгиленгендей, тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер “Алтын тамга” ЖМАны 4 милдеттүү окуу сабагы боюнча тапшырышты: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

"Алтын тамга" тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Пикир

Оставить комментарий