• 88.68
  • 95
  • 0.95

Муктаж үй-бүлөлөргө 3400 сыналгы берилди – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар Кырызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталгандан бери муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөгө телевизор берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген сыналгыларды аймактар боюнча бөлүп карасак: Ош облусу - 119, Баткен облусу - 663, Чүй облусу - 701, Нарын облусу - 237, Жалал-Абад облусу - 714, Ысык-Көл облусу - 497, Талас облусу - 19, Ош шаары - 423, Бишкек шаары - 30.

"Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө. Бул жумуштар азыр улантылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий