• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте окуучулар арасында Геологдор күнүнө арналган дебат өттү

Билим 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №94 мектепте Геологдор күнүнө арналган окуучулардын дебаты өттү.

Интеллектуалдык оюнду Тоо-кен өнөр жай ассоциациясы Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору менен биргеликте уюштурган.

Белгиленгендей, дебат окуучулардын ой жүгүртүүсүн, изденүүсүн, тактыкгын тереңдетүү, чечендик өнөрүн өнүктүрүү жана сабырдуулук менен адамгерчилигин калыптандырууну көздөп, терең билим алууга шарт түзөт.

Бул ирет иш-чара Геологдор күнүнө арналап, окуучулар тоо-кен өнөр жайына байланышкан темаларды талкуулашты.

Оюнга республиканын бардык аймагынан келген 65 окуучу катышып, Тоо-кен өнөр-жайчылар ассоциациясы койгон баалуу белектер жалпы катышкан окуучуларга жана жеңүүчүлөргө тапшырылды. Алар - 6 телевизор, 6 смарт-саат, 12 кулакчын (наушник), ар окуучуга футболка.

Ошондой эле жетекчи мугалимдерге, Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборуна да Тоо-кен өнөр жайчылар ассоциациясынын баалуу белектери ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий