• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жеңиш күнүн утурлай. Ардагерлер Аспек Жумашев жана Галина Тольскаяны куттукташты

Коом 0

Бишкек, 08.05.12. /Кабар/. Жеңиш күнүн утурлай Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери ардагерлерден кабар алышты.

Ведомстводон белгилешкендей, кызматкерлер бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин жана ооруктун ардагери Галина Тольскаянын үйлөрүнө барып, ал-акыбалын сурап, келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, белектерин тапшырып кайтышты.

Аспек Жумашев 1924-жылы туулган. Ал 1942-жылы 18 жашында Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун 3-даражадагы ордени, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы күжүрмөн сыйлыктар менен сыйланган.

Ал эми Галина Тольская учурда 95 жашта. Ал согуш убагында тылда эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий