• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо 25-майда жаңырат

Билим 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

- райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;

- билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу чогулуштарды өткөрүү.

Билим берүү министрлиги буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий