• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Президенттин администрациясы депутат Тазабек Икрамовдун билдирүүсү боюнча үн катты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети депутаттын мыйзам долбоорун уурдап жатат” деген билдирүүсү боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.

Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 28-декабрындагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.

Конституциялык соттун аталган чечими 2023-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасына жөнөтүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык соттун актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү түрдө аткарылууга жатат жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2023-жылдын 16-ноябрында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Мыйзам долбоору 2024-жылдын 11-апрелинде экинчи окууда кабыл алынган.

Ошону менен бирге, депутат Тазабек Икрамов жана бир катар депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору 2023-жылдын 4-декабрында расмий корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясына киргизилгендигин белгилей кетүү керек.

Бул мыйзам долбоору 2024-жылдын 7-мартында демилгеленген жана учурда биринчи окууда.

Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун Министрлер Кабинети анын мыйзам долбоорун уурдап жатат деген билдирүүсү таптакыр чындыкка коошпой турганын белгилейбиз. Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору бири-бирине окшош эмес жана олуттуу айырмачылыктарга ээ.

Ошону менен бирге, Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорунан айырмаланып, балдарын кароодон качкан ата-энелерге катуу жаза каралган.

Пикир

Оставить комментарий