• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Түрк дүйнөсүнүн окумуштуулары илимий интеграцияны чыңдоо маселесин талкуулашты

Билим 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Түрк Академиясы жана Түркиянын Илимий-технологиялык изилдөө кеңеши (TÜBİTAK) Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгынын колдоосу менен «Аймактык жана глобалдык коркунучтарды жеңүүдө түрк мамлекеттеринин көп тараптуу илимий кызматташтыгы жана кызматташтыгы» темасы боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Иш-чаранын ачылыш аземине TÜBİTAK президенти Хасан Мандал, Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев катышты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин Билим берүү министрликтеринин жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү өз өлкөлөрүнүн илимий-техникалык потенциалы жана илимий интеграцияны чыцдоо боюнча сунуштарын айтышты.

Мындан тышкары тараптар түрк мамлекеттеринин көп тараптуу илимий кызматташтыгын өнүктүрүү аркылуу аймактык жана глобалдык коркунучтарды жеңүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Жолугушууга Түндүк Каролина университетинин профессору, Нобель сыйлыгынын лауреаты, доктор Азиз Санжар онлайн форматта катышып, бул маселе боюнча пикир болүштү.

Андан соң катышуучулар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, илим жана техника тармагында жалпы платформаларды түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Тараптар жемиштүү жолугушуунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар мындан ары да улануусу зарыл экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий