• 87.86
  • 93.94
  • 1

Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы корпусуна капсула салды

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына көп тармактуу корпустун курулушун баштоо үчүн капсула салды.

Долбоорго ылайык, оорукана 350 орунга эсептелген, анда изоляторлору бар кабыл алуу бөлүмү, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо бөлүмү, онкология жана онкогематология үчүн реанимация бөлүмү, паллиативдик терапия бөлүмү, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология бөлүмү, адистештирилген жардам бөлүмү бар.

Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагында эне менен баланын ден соолугуна кам көрүү үчүн жаңы көп тармактуу балдар ооруканасын куруу маселеси өтө маанилүү болуп келгенин баса белгиледи.

Бул жагынан алып караганда, бүгүнкү пайдубалы түптөлүп жаткан 350 орундуу оорукана практикалык гана эмес, илимий борбор катары да кызмат көрсөтмөкчү. Ооруканада ар бири 30-35 керебетке эсептелген 10 клиникалык жана аларды тейлеген 7 параклиникалык түзүмдөр жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий