• 87.86
  • 93.94
  • 1

Быйыл социалдык контракт долбоорун ишке ашырууга 2 млрд сом бөлүнөт – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Быйыл социалдык контракт долбоорун ишке ашырууга 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, социалдык контракт өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Мындан улам анын алкагын дагы да кеңейтүү максаты коюлду.

“Соцконтракка 13 миңден ашуун адам катышса, алардын дээрлик 95%ын аялдар түзөт. Аялзаты азыркы замандын каармандары, муну биздин эже-карындаштарыбыз үй-бүлө экономикасын түзүүдө жигердүүлүктү көрсөтүп келатканы далидеп турат. Ошондой эле кыргыз айымдары өз алдынчалыгы, эркин мүнөзү, үй-бүлөнүн, элинин тагдыры үчүн эркектер менен катар эле жоопкерчилик алаары көрүнүп турат. Бар болуңуздар эже-карындаштар сиздерге терең ыраазычылык”, - деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысы социалдык контракттын жаңы форматтары иштелип жатканын айтты. Мисалы, социалдык контракты ийгиликтүү ишке ашыра алган эң алдыңкы 600 катышуучуга банктар аркылуу эң төмөнкү пайызда 200 миң сомдон насыя берүү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий