• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда жыл аягына чейин 5,5 миң үй-бүлөгө ипотекалык батирлер берилет

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл аягына чейин 5 миң 503 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында чечкиндүү иштер кызуу жүрүүдө.

“Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу мамлекеттик кызматта иштегендерге гана эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Республикабыз боюнча 11 495 батир курулуп жатат. Анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5 миң 503 кезекте турган үй-бүлөлөргө батирлер берилет”, - деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий