• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абад шаарында “Коопсуздук биринчи орунда” аттуу форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Коопсуздук биринчи орунда” аттуу форум өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Форум Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан уюштурулду.

Форумдун негизги максаты - облус аймагында эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий