• 87.86
  • 93.94
  • 1

Президент: Өлкө боюнча жыл соңуна чейин 12 миң ипотекалык батирдин курулушу башталат

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Өлкө боюнча жыл соңуна чейин 12 миң ипотекалык батирдин курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, ипотеканын 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарга, өзүнчө программа менен иштер жүрүп жатат.

“50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз. Бул мурдатан кезекте турган жарандарыбызга тоскоолдук болбойт. Мурдатан бери кезекте турган жарандарыбыздын кезеги бузулбайт”, - деди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий