• 87.86
  • 93.94
  • 1

Түптө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Түптө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 жеткинчек кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун издөө иштерине жалпы 219 адам, 13 кайык, 2 катер тартылган. Натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 22-майда издөө улантылат.

Эскерте кетсек, 18-майда Түп районундагы Михайловка айылындагы Жыргалаң суусуна 7 жаштагы К.М. жана 8 жаштагы Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий