• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто турак үйдүн дубалы кулап 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Ош шаарында 2017-жылдын 2-ноябры күнү алдын ала алынган маалымат боюнча Памир көчөсүндө жайгашкан №65 турак үйдүн дубалы кулап, 3 адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жерине саат 12:12де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы полковник Нурлан Баймуратовдун жетекчилигинде КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынынкуткаруучулары барышкан.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алган. Кырсыктын себеби жана каза болгондор менен жабыркагандын аты-жөндөрү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий