• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте 16-майда "Аккула" ипподромунун аукциону өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.05.24. /Кабар/. Бишкекте 16-майда 10:00дө "Аккула" ипподромунун аукциону өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аукционго коюлган мурдагы ат майданы Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан.

"Турак эмес жайлардын аянты 1818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө белгиленген.

Аукционго тиркеме аркылуу кирүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий