• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин борборунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 10.05.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин борборунда суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 10-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин - Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Суу диаметри 150 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий