• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандык журналист Дондун жээгинде Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги тууралуу видеобаян жасап келди

Коом 0


Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Кыргызстандык журналист Шайырбек Абдрахман уулу Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги тууралуу жерине барып видеобаян жасап келди.

Журналист кыргызстандык жоокердин эрдиги тууралуу материал даярдоо үчүн Россиянын Воронеж облусунун Селявный айылына барган.

Анын айтымында, дал ушул айылдагы мектепке Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы берилген. Билим уясынын кире беришиндеги тактага Түлөбердиевдин сүрөтү түшүрүлүп, аты жазылган. Ошондой эле атайын класс жабдылып, баатыр тууралуу маалыматтар жана материалдар менен толукталган.

Журналист белгилегендей, Селявный айылындагы ар бир жашоочу Чолпонбай Түлөбердиев ким болгонун, анын кан майданда кандай эрдик жасаганын билишет.

1942-жылы август айларында советтик армиянын 6-Воронеж фронтунун 160-дивизиясынын полку Дон дарыясынын сол өйүзүндө туруп калган. Анда 900дөн 2 миңге чукул аскер кызмат кылган. Суунун жээгиндеги такыр белди болсо, немис аскерлери ээлеп алган. 6-августта ошол жердеги душмандын дзотун талкалоого тапшырма берилген. Аркы бетте турган аскерлердин ичинен Чолпонбай Түлөбердиев башында турган он бир аскер өз эрки менен дзотту талкалоого жөнөшөт. Так ошол дзотко Түлөбердиев көкүрөгүн тосуп, душмандин мизин кайтарган. Ошентип, Дондун жээги фашисттик баскынчылардан бошотулган.

Дал ошол дөңсөөгө баатырларча курман болгон Чолпонбай Түлөбердиевге арналып эстелик коюлган. Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар эскерип, гүл коюп турушат.


Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы 13-апрелде Талас облусунун Чымкент кыштагында, азыркы Чолпонбай Түлөбердиев айылында туулган. Ал 1941-жылы декабрь айында Кызыл Армиянын катарына кошулуп, 19 жаш курагында кандуу казатка аттанган. Чолпонбай Түлөбердиевге көрсөткөн эрдиги үчүн 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам ыйгарылган. Андан тышкары, "Кызыл Жылдыз" медалы, Ленин ордени берилген.

Пикир

Оставить комментарий