• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Корея Кыргызстандын маданий мурастарын санариптештирүүгө жардам берет

Коом 0

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. 14-июлда КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун президенти Ли Канг Хён башында турган делегациясы менен жолугушту. Бул туралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2,3 млн доллар өлчөмүндөгү Корея өкмөтүнүн өнүктүрүүгө расмий жардамынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Динара Кемелова кыргыз тараптын Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын чет өлкөлөрдө кеңири жайылтуу жана Кыргызстанга чет элдик туристтерди тартуу үчүн бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: Долбоор КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ишке ашырууда. Долбоордун алкагында Кыргызстандын үч маданий объектисинин мүмкүнчүлүгүн күчөтүү пландаштырылууда: Улуттук тарых музейи, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору.

Пикир

Оставить комментарий