Бакыт өргөөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бакыт өргөөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиришкендей, оңдоо иштерине байланыштуу Бакыт өргөөсүнүн никени салтанаттуу түрдө каттоо залы 15-майдан 15-июнга чейин жабык болот.

Ведомстводон белгилешкендей, ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек үйлөнүү үлпөт сарайына борбор калаанын тургундары жана коноктору никени салтанаттуу түрдө каттоодон тышкары, төмөнкү кызматтар боюнча кайрылса болот:

  • туулгандыгын каттоо жана “Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна кайрылуу тариздөө,
  • аты-жөнүн өзгөртүү, асырап алуу, күбөлүктөрдүн дубликатын алуу,
  • идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу жана ажырашууларды каттоо.

Мындан тышкары, никени жеринде салтанаттуу каттоо үчүн чыгуу кызматы жеткиликтүү. Ошондой эле жарандар никени каттоо үчүн Калкты тейлөө борборлоруна да кайрыла алат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардан убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алат деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий