Ош облусунда жөлөк пулду мыйзамсыз бергендерге кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жөлөк пулду мыйзамсыз бергендерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, облустук прокуратура органдары тарабынан Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) берилүүчү социалдык жардамдардын, ошондой эле жөлөкпулдун чегерилүүсүнүн мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Жогоруда аталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында түзүлгөн социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана жергиликтү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, 2022-2023-жылдары бул чөйрөдөгү ченемдик укуктук актынын талаптарын бузуу менен социалдык жардам алууга иш жүзүндө муктаж болушпаган жарандарга мыйзамсыз түрдө жөлөкпулдар берилген.

Бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 5 млн 940 миң 692 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча прокуратура органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иштер козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий