Бишкекте имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда Ибраимов көчөсүндөгү №57 үйдүн фасадын сырдоо иштери аяктады. Үйдүн фасады боз-көк боёк менен үч сыйра сырдалды.

Ошондой эле бул багыттагы иштер Чүй проспектиси, 50, Москва көчөсү, 49, 51 даректеринде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий