• 87.86
  • 93.94
  • 1

Салык кызматы 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майды тартып алды

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын төрт айында рейддик салык контролунун жүрүшүндө 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майды тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде АИ-92 маркасындагы 52,7 миң литр, АИ-80 маркасындагы 33,6 миң литр бензин жана 12,3 миң литр дизелдик отун тартып алынган.

Аныкталган мыйзам бузуулардын жыйынтыгы боюнча Салык кызматкерлери тарабынан 943 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып салынды.

Эскерте кетсек, күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене сатуу автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык машинаны пайдалануу менен май куюучу жайларда ишке ашырылууга тийиш.

КММны ташууда жана сактоодо милдеттүү түрдө контролдук пломбалар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар колдонулат.

КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик айыптар каралган.

Пикир

Оставить комментарий