• 87.86
  • 93.94
  • 1

Элдин бийликке болгон ишеними алдыга койгон максаттарга жетүүгө чоң дем берет – президент

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Элдин бийликке болгон ишеними алдыга койгон максаттарга жетүүгө чоң дем берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме учурунда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттин алдыга койгон максаттарын дээрлик көпчүлүк эл колдоп келе жатат. Буга социалдык сурамжылоолор, анын ичинде эл аралык социологдордун изилдөөлөрү күбө.

“Социалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, өткөн жылы тигил же бул себептерден улам жашоосу начарлап кеткен үй-бүлөлөр дагы биздин саясатка ишеним артканы ачыкталды. Алардын мындай ишеничтери мага күн сайын алдыга койгон максаттарыма жетүүгө, үмүт-тилегин актоого чоң күч, чоң дем, түрткү берет. Албетте, өлкөнүн келечегине болгон мындай зор ишеним артып турган эл-журтубузга терең ыраазчылык билдиремин”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий