• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Түндүк" ведомство аралык электрондук системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талап каралды

Коом 0


Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму системасы ишке киргенден бери 1 млрд ашык суроо-талап каралды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов билдирди .

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө системада жалпысынан 204 катышуучу катталган, анын ичинен 77си мамлекеттик, 127и коммерциялык.

"1 млрд ашык суроо-талап каралды, башкача айтканда, биздин мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар көп сандаган кагаздарды жана калктын убактысын үнөмдөөгө жетишти", - деди ал.

Ошондой эле Аманатов "Түндүк" системасына электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы интеграциялангандыгын эске салды. Анда 37 мамлекеттик органдын 149 кызматы жана серверлери жана 60тан ашык онлайн кызматтары бар.

Пикир

Оставить комментарий