• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Булут электрондук кол тамгасын алуудагы кезек күтмөй. "Инфокомдун" башчысы маселени чечүү планы менен бөлүштү

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. "Инфоком" мамлекеттик мекемесинин директору Асел Кененбаева "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында булут электрондук кол тамгасын алуудагы узун кезек күтүү көйгөйүн чечүү планы менен бөлүштү.

"Биз ачык ачкыч инфраструктурасынын – электрондук кол коюунун инфраструктурасынын техникалык оператору болуп саналабыз. Учурдагы кырдаалды түшүнүү менен, биз бул функцияны бир гана Калкты тейлөө борборлоруна эмес, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын окуу борборлоруна, Мамлекеттик салык кызматына жана банктарга ыйгаруунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле анын айтымына караганда, азыркы учурда мекеменин адистери электрондук кол тамганы аралыктан берүүнү пилоттук түрдө өткөрүүгө мүмкүндүк берген министрлер кабинетинин токтомун даярдашкан. "Ишке киргенден соң мүмкүн болгон тобокелдиктерди карап чыгып, анын андан аркы ишке киргизүү жагын караштырабыз", - деп кошумчалады Кененбаева.

Белгилей кетсек, учурда булут электрондук кол тамгасын алуу үчүн жарандар Калкты тейлөө борборлоруна паспорт менен баруулары керек.

Пикир

Оставить комментарий