• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте маршрутка менен жол тандабас сүзүштү

Кырсык 0


Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Бишкекте маршрутка менен жол тандабас сүзүштү.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы күн мурун Аалы Токомбаев көчөсүндө катталган. Кичи автобус жолдун каршы тилкесине чыгып, Lexus үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен маршрутканын эки жүргүнчүсү жабыркаган.

Кайгуул кызматынан белгилешкендей, кичи автобус маршруттук такси эмес.

Эки унаа тең айып аянтчасына киргизилип, экспертитза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий