Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод курулат

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод курулат.

Бүгүн Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын “Akplas Plastik San. Ve Tic. A.S.” (Akplas компаниясы) компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Akplas компаниясынын өкүлдөрү компаниянын потенциалы тууралуу маалымат берип, тармактагы 35 жылдык тажрыйбалары тууралуу айтып берди.

Акылбек Жапаров өз кезегинде, өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерге мамлекет ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, бардык маселелер кыска убакыттын ичинде комплекстүү чечилиши керектигин тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жана Akplas компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын аймагында түрк компаниясы тарабынан тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат.

Белгилүү болгондой, тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушуна инвестициялык макулдашуудан кийин биринчи этап менен 10 млн доллар инвестиция салынат. Курулуш иши толук сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө. Завод курууга жалпы аянты 10 гектар жер керектелет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу сууну натыйжалуу колдонуу зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн бардык райондорунда бул система ишке ашырыларын жана суу ресурстары тармагындагы бул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, ага улуттук долбоор макамы берилерин кошумчалады.

Өз кезегинде Akplas компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин мамлекеттин колдоосу болуп турса, компания кыска убакыттын ичинде натыйжа көрсөтөрүн билдирди, ошондой эле компания алгачкы этапта дыйкандарды окутуу иштерин жүргүзүүнү өзүнө алат.

Пикир

Оставить комментарий