• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте жыл аягына чейин 100 орундук заманбап перинаталдык борбор ишке берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды.

Алгач, Акылбек Жапаров ачылуу алдында турган перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.

Белгилей кетсек, бул перинаталдык борбордун курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилиши күтүлүүдө.

Мининстрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы курулат.

“Заманбап перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, андагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана техникалык абалын жакшыртуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири”, – деди Акылбек Жапаров.

Андан ары Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барып, ооруканын жаңы хирургиялык кабыл алуу бөлүмүн реконструкциялоо иштери менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий