• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

ИИМ: Ысык-Көл жана Таластын мугалимдери менен экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Ысык-Көл жана Талас облустарынын мугалимдерине «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштѳѳнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталыштагы семинар ѳткѳрүлдү.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен менен өткөн иш-чарага негизинен мектептерде дин таануу боюнча сабак берген мугалимдер, социалдык педагогдор катышкан.

Семинарды ИИМдин ЭММКАКтын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Манас Аманбаев “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамаларды жасап, видеотасмаларды көрсөттү.

Ошондой эле, окуучулардын экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдарга азгырылуусун алдын алуу максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер жооп берип, аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Белгилей кетсек, бул иш-чара “Борбор Азиядагы Евразия фонду” коомдук фонду жана ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен биргеликте ѳткѳрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий