• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Каркыра жайлоосунда милициянын убактылуу посту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 08.06.23./Нурзат Жумалиева - Кабар/. Каркыра жайлоосунда милициянын убактылуу посту ачылды.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, жай мезгилинин келиши менен Түп жана Ак-Суу райондорунун көптөгөн малчылары Каркыранын жайлоосуна көчө башташты.

Мал уурулук фактыларын болтурбоо, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана жол бербөө максатында, жыл сайын Түп районунун "Башарын" тилкесинде, милициянын убактылуу постунун иш уюштурулуп келет. Аталган постто бекитилген график боюнча Түп жана Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Посттун ачылуу аземине катышкан облустук милициянын башчысынын орун басары Бектен Бекмуратов жайкы мезгилде мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо, милицияга коюлган тапшырмаларды максималдуу аткаруу боюнча бир катар милдеттерди белгилеп кетти. Кызматтык тартипти так сактоого өзгөчө көңүлдү буруп, бул максаттарда облустук милициянын жетекчилиги тарабынан күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп турарын эскертти.

Ошондой эле ал малчылар арасында малдын жоголушу, же уурдалышы аныкталса, дароо милицияга билдирүү боюнча түшүндүрүү иштерин, малчылар арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Каркыра жайлоосунун жалпы аянты 25 миң гектарды түзөт, жылына, жай мезгилинде анын жайыттарында болжол менен элдин 40 миң бодо малы, 30 миң жылкысы жана 80 миң майда мүйүздү малы багылып келет. Учурда, эки райондун тургундарынын малын келишимдик негизде багып жаткан малчылар эмитен көчүп келип отурукташып жатышат. Жакынкы жумада малчылардын жана үй жаныбарларынын негизги бөлүгүнүн жайлоого көчүсүү күтүлүүдө. Негизинен, милициянын убактылуу постунда ыкчам кызматтын кызматкерлери жана милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү кызмат өтөшөт. Апта сайын аларды башка кызматкерлер алмаштырып турушат.

Пикир

Оставить комментарий