• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте таң эрте суусундук тараткан жигит шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулады

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бүгүн таң эрте “Кабар” маалымат агенттигинин жамааты жагымдуу көрүнүшкө туш болду.

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын кулуну Султан Алымов аттуу жигит агенттиктин имаратынын алдында Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна акысыз суусундук таратты.

“Мен бүгүн эртең менен ойгонуп эле эмнегедир адамдарга жылмаюу тартуулагым келди. Ошол оюмду ишке ашыруу үчүн бул жакка келип, “Шоро” улуттук суусундуктарын саткан эжеге 5 миң сом берип, элге бекер суусундук таратышын сурандым. Эки сааттын ичинде көптөгөн адамдардын ыраазычылыгына, жүзүндөгү жылмаюусуна күбө болдум”, - дейт Султан мырза.

Султан Алымов кошумчалагандай, ал учурда Россиянын Москва шаарында жашап, иштейт.

“Туулган жерге келгенде башкача сезимдер ойгонот. Адамдарга жакшы маанай тартуулап, ыраазычылыгына ээ болгуң келет. Элибиз аман болсун, өлкөбүз өнүксүн”, - деп кошумчалады ал.

“Кабар” агенттигинин жамааты таң эрте жакшы маанай тартуулаган Султан мырзага ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий