• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

“Атасынын үнүн укканда кыздары заара ушатып жиберет”. Зомбулуктан жабыркаган аялдын баяны

Коом 0

Бишкек, 02.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аял өз окуясын менен бөлүштү.

Анын айтымында, 2011-жылдан бери жолдошу тарабынан зордук-зомбулукка кабылып келген.

“Биз жарандык никеге турганбыз. Ал буга чейин эки жолу аял алган. Азыр төрт балам бар. Экөөбүз чогуу жашап келгенден бери психологиялык, физикалык жактан жабыркап келдим. Менин экинчи турмушум болуп жаткандыктан, зомбулукка чыдап, үй-бүлөнү сактап калайын баары жакшы болот дедим. Бирок андан эч кандай жакшы күндөрдү көрө албай койдум. Турмушка жаңы чыкканда боюмда болуп, беш айга жакындап калганда мени себепсиз эле уруп, балам ичимден чарчап калды. “Ата-энеңе айтпа, ооруканага барба, мени камап коет” деп, өзүнүн күнөөсүн моюнга алган. Мен дагы жашаганыбызга аз эле күн болду, кайра ажырашамбы, ата-энемдин үйүндө отурамбы деген ой менен калып калдым. Дарыгерлер баланы кескилеп алышкан”, - дейт ал.

Жабырлануучу кийинки балдары төрөлгөндө дагы жолдошу урганын токтотпогонун айтат.

“Балдарым ыйласа, эмнеге ылайт деп бешигин тоголотуп жиберген күндөр дагы болгон. Балдардын ыйын укканда жаздык менен алардын бетин жаап жинденчү. Балдарым бир аз чоюп калганда, мени гана эмес балдарымды да сабап жүрчү. Балам “чоңойгондо милиция кызматкери болуп, атамды камайм” десе, кыздарым “чоңойгондо кулагыңызды дарылап берем” дешет. Менин кулагым жакшы укпай калды. “Атабыздын бутун өпсөк дагы бизди урат” деп ыйлашат. Мени бутун өптүртүп, “күйөөңдүн таманын өөп жашашым керек” деп, кыздарымды дагы “кийин күйөөңөрдүн бутун өөп турасыңар” деп аларга айтат. Кыздарымдын бетине түкүрөт. Бир күнү кызым кошунага жардам сурап барган. Кошуна келсе, “менин турмушума аралашпагын” деп эшикти жаап, кызымды чаап, уруп, үйдүн ичин канга боюп салган”, - дейт жабырлануучу.

“Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова жабырлануучу борборго үч жолу келгенин белгилейт.

“Балдарынын баш мээси чайкалган экен. Атасынын үнүн укканда 5 жана 9 жаштагы кыздары заара ушатып (ред.: энурез) жиберет. Бизде жолдошунун кур менен сабаганынын сүрөттөрүнүн баары бар. Бирок ал күнөөсүн моюнга албайт. Биздин борбор сотко кайрылганда, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Кыйноо”) менен карабай, 136-беренеси (“Денеге жеңил залал келтирүү”) менен менен карап, 50 миң сомдук айып тагып койду. Биз кайра сотко кайрылганы жатабыз”, - деп айтат Рыскулова.

Пикир

Оставить комментарий