• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер министри менен башкы прокурор Аксы элинин көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен башкы прокурор Курманкул Зулушев Аксы районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга район акими Замирбек Сыдыков жана тиешелүү тармактардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушууда тургундар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөрүн айтышып, Улан Ниязбековдон мыйзам чегинде чечип берүүсүн суранышты.

Анын жүрүшүндө жергиликтүү бир тургун жакындарынын бири өзүнө-өзү кол салды деген фактыны ыкчам жана акыйкат тергеп берүүнү суранды.

Ошондой эле мындан башка дагы жайыт, таза суу, суу каналдарын оңдоо жана куруу, жол салуу, жер үлүштөрүн пайдалануудагы көйгөйлөр, маданият тармагындагы жана айыл өкмөттөгү кызмат орундар боюнча кемчиликтерди, жаңы келген дарыгерлердин маяналарынын аздыгын айтышып, бул маселелерге дагы көңүл бурууну суранышты.

Аксыда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган тескөөчүлөр аз болгондугуна байланыштуу, жарандар Улан Ниязбековдон штаттык бирдик кошуп берүүсүн айтышып, бул райондо мурда 3000 унаа болсо, азыр 10 миңдей унаа бар экенин, кызматкерлер жетишпей жатканын кошумчалашты.

Өз кезегинде Улан Ниязбеков бул маселени кыска убакыттын ичинде чечип берүүнү убадалады.

Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы борбордон келген жетекчилер айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын убада кылышты.

Негизинен аталган жолугушуулар элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө арналгандыгын белгилейбиз.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Пикир

Оставить комментарий