• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.07.22./Кабар/. Бообек Турсункулов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

«Конституциянын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Турсункулов Бообек Шамалбекович КР Судьялар кеңеши КРнын башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди», - деп айтылат маалыматт.

Пикир

Оставить комментарий