• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Штаб: Вакциналар жыл сайын миллиондогон адамдын өмүрүн сактап калат

Ден соолук 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Вакциналар жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрлөрүн сактап калат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Дифтерия, кызамык, полиомиелит, тарамыштардын тартышып калма оорусу, менингит жана көк жөтөл балдарды майыптуулукка жана өлүмгө алып келген оорулар болуп саналат. Бирок саламаттык сактоо тутуму вакциналар аркылуу бул оорулардын алдын ала алды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, иммундоо жылына 2-3 миллионго чейинки адамдардын өмүрүн сактап калууну шарттайт. Ошондуктан ооруларга каршы эмдөө алуу өтө маанилүү.

Ошондой эле COVID-19га каршы эмдөө — бул илдеттин алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Эмдөө сизди гана эмес, жакындарыңызды дагы сактай турганын эсиңизден чыгарбаңыз.

Пикир

Оставить комментарий