• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Тажикстандын агрессиясы. Жабыркаган кыргызстандыктардын саны 18ге жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрь саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын саны 18 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен облустук бириккен ооруканасында куралдуу жаңжалдан жабыркаган 18 жабырлануучу бар.

"Жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деди ал.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм) жабыркаганы маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий