Бишкектин четинде 100 орунга ылайыкталган оорукана курулат

Ден соолук 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Сокулук районунун Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 конушунда 100 орунга ылайыкталган оорукана куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Курулуштун сметалык баасы 224 млн 779 миң 612 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 4-июнга чейин берүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий