• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте саламаттык сактоо тармагында Борбор Азия эл аралык форуму өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биргелешип саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу жаатында Борбор Азия эл аралык форумун өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Документке 26-майда Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ДССУнун Европа боюнча регионалдык директору доктор Ханс Клюге кол коюшту.

"Бул документ саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу боюнча алгачкы Борбор Азия эл аралык форумуна даярдыктын башталышы болуп калмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, форум 2024-жылдын 26-27-июнунда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында өтөт.

Саламаттык сактоо министрлиги жана ДССУнун Европа регионалдык кеңсесинин ортосунда түзүлгөн меморандум бул маанилүү иш-чараны биргелешип уюштурууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий