• 87.86
  • 93.94
  • 1

МСК: Салык төлөөчүлөрдүн 96%ы Бирдиктүү терезелердин ишине оң баа беришти

Экономика 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын онлайн баалоо системасы ишке киргизилгенден бери Бирдиктүү терезелеринде салык төлөөчүлөрдөн 1535 пикир келип түштү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде 1448 оң жана 87 терс пикирлер кабыл алынды.

Мында, салык төлөөчүлөр өздөрүнүн оң пикирлеринде жооптуулук, сабаттуулук, кесипкөйлүк жана сапаттуу тейлөө сыяктуу сапаттарды белгилешти. Терс пикирлердин себеби "кызматкерлердин бирдиктүү терезеге келгендерге толук көңүл бурбоосу" болгон.

Белгилей кетсек, ар бир терс пикир реалдуу убакыт режиминде Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан салык төлөөчүлөр менен кайтарым байланыш аркылуу иштелип чыгат.

Анализдин жыйынтыгы боюнча терс кесепеттерге жол бербөө максатында аймактык салык органынын кызматкерлери менен профилактикалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат жана зарыл болгон учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, сын-пикир жөнөтүү үчүн жергиликтүү салык органдарында жайгаштырылган QR-кодго уюлдук телефондун камерасын багыттап, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баа берүү керек.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү өз пикирлерин калтырууга чакырат. Алынган бардык маалыматтар көйгөйлүү жерлерди аныктоого жана бирдиктүү терезелердеги тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий