• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коронавирус: Кыргызстанда атайын палаталарга 12 адам жаткырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдарынын боксташтырылган палаталарына бардыгы болуп 12 адам жаткырылган. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 29-январга карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок.

"Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарынын боксташтырылган палаталарына бардыгы болуп 12 адам жаткырылган. Алардын бардыгы тең Кытайдын окуу жайларында билим алган кыргызстандык студенттер болушат. Ысык-Ата аймактык ооруканасында 6 адам, Москва аймактык ооруканасында 6 студент үзгүлтүксүз медициналык кароого алынган. Бардыгынын тең абалы канааттандыраарлык, коронавирустун клиникалык белгилери жана симптомдору табылган жок", - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, Ысык-Ата аймактык ооруканасында жаткан 6 студент кечээ, 28-январь күнү эрте менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан "Ак-жол" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу келишкен. Москва аймактык ооруканасындагы 6 студент да кечээ, 28-январь күнү Россия аркылуу келген.

Белгилей кетсек, жугуштуу оорулар боюнча талаптарга ылайык, вирус табылган аймактардан келген адамдар так диагноз коюлганга чейин керектүү болгон лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүшү керек.

Маалымат үчүн:

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2020-жылдын 28-январына карата берген маалыматына ылайык:

Дүйнө жүзү боюнча тастыкталган учурлар – 4 миң 593: анын ичинде Кытайда – 4 миң 537 (98,8%); Орууну жуктуруп алганга күмөн туудургандар – 6 миң 973; оор абалдагылар – 976 (21,2%); Каза болгондор – 106 (3%).

Кытайдан тышкаркы аймактарда тастыкталган учурлар – 56 (1,2%). Вирус катталган өлкөлөр – 14.

Кытайдан тышкаркы аймактарда тастыкталган 56 учур (2%):

Япония - 6, Түштүк Корея - 4, Вьетнам - 2, Сингапур - 7, Австралия - 5, Малайзия - 4, Таиланд - 14, Непал - 1, АКШ - 5, Франция - 3, Канада - 2, Германия - 1, Шри-Ланка -1, Камбоджа - 1.

Пикир

Оставить комментарий