• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ДССУ кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо үчүн Кыргызстанга медицина буюмдарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык мүмкүнчүлүктү чыңдоо үчүн Кыргызстанга медициналык буюмдарды тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармектерди булчуңга саюу жана парентералдык колдонуу үчүн окуу манекендерин, контактсыз термометр, пульсоксиметр, концентраторлорду жана компьютердик техника тапшырылды. Жардамдын жалпы суммасы 39 миң 929 долларды түзөт.

"Бул жардам Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун "үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш" кафедрасынын бардык жети аймактык филиалынын ортосунда бөлүштүрүлөт жана аймактардагы медицина кызматкерлерине медайымдык иш боюнча үзгүлтүксүз билим алууга жана практикалык көндүмдөрдү жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бардык медициналык буюмдар жана жабдуулар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет, мунун өзү медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга жана бейтаптарды дарылоо көндүмдөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Медициналык жабдууларды тапшыруу аземинде аталган институттун өкүлдөрү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында кадрдык потенциалды чыңдоого туруктуу колдоо көрсөткөндүгү жана өзгөчө салымы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна терең ыраазычылык билдиришти.

Маалымат үчүн: Бул жардам Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси тарабынан 2018-жылдан 2021-жылга чейин саламаттык сактоонун кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине техникалык колдоо көрсөтүп келген "Ден соолук үчүн иштөө" программасынын алкагында көрсөтүлдү. Колдоо көрсөтүү өлкөнүн саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтылышына карай прогрессин тездетүүгө жана бекемделген саламаттык сактоо системаларынын алкагында медициналык кызматкерлерге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана социалдык чөйрөдөгү эмгек ресурстарын кеңейтүү жана кайра түзүү аркылуу Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий