Ала-Бука — Кировка унаа жолунун жээгине 700 түп көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун жээгиндеги Кара-Шоро тилкесине 100 түп алма көчөтү жана 600 түп терек көчөтү отургузулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, көчөттөр Чаткал райондук №27 жол-эксплуатациялык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулду.

Белгилей кетсек, көчөт отургузуу иш-чарасы КР президенти демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий