• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошто чуркоо боюнча эл аралык жарым марафон өттү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Ош шаарында экинчи ирет чуркоо боюнча "Amanat City Run" эл аралык жарым марафону өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чаранын ачылыш аземине шаар бийлиги, "Аманат сити" курулуш компаниясынын жетекчилери жана демөөрчү уюмдар катышты. —

Жарышта Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 1500дөй адам күч сынашты. Жөө күлүктөр 3, 10,5, 21 чакырым аралыктарды багындырып чуркашты.

Жеңүүчүлөр медаль, акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле жаштарды спортко жана чын ден соолукка үндөөгө кошкон салымы жана Казакстандын Алматы облусундагы Иле дарыясынын өрөөнүндөгү "Tengri Ultra" аталышындагы ультрамарафонуна ийгиликтүү катышкандыгы үчүн Ош шаарынын спортчулары Токтосунов Алмазга жана Жумабаев Шерзодко Ош шаарынын мэриясы тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Спорттук иш-чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен "Аманат сити" курулуш компаниясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий