• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстанда январь-апрель айларында ИДПнын көлөмү 7,4 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү 341,7 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга өстү.

Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, реалдуу өсүү темпи 107,4 %ды (2023-жылдын январь-апрелинде – 102,1 %) түздү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 1,5 эсеге, тейлөө чөйрөсүндө – 6,6 %га, өнөр жайда – 2,5 %га, айыл чарбасында – 2,1 %га өстү.

Белгиленгендей, 2024-жылдын январь-апрель айларындагы экономикалык өсүш негизинен, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорундагы көлөмдөрдүн көбөйүшү менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий