• 87.86
  • 93.94
  • 1

Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу 50%га аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу 50%га аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган оорукана республикалык бюджеттин эсебинен Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курулууда.

Белгиленгендей, курулушу 2020-жылы башталган оорукана 40 орунга ылайыкташтырылган. Курулуштун наркы 68,5 млн сомду түзөт. Негизги имараты эки кабаттуу. Учурда курулуш иштери 50% бүткөрүлүп, үстүбүздөгү жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий